Хакан Фидан Бухарестте кесиптеши менен жолугушкандан кийин пресс - жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израилдин Газага гуманитардык жардам жана медициналык каражаттардын киришине бөгөт коюшунун эл аралык коомчулук тарабынан эч качан кабыл алынбашы керектигин айтты.

2095769
Хакан Фидан Бухарестте кесиптеши менен жолугушкандан кийин пресс  - жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Израилдин Газага гуманитардык жардам жана медициналык каражаттардын киришине бөгөт коюшунун эл аралык коомчулук тарабынан эч качан кабыл алынбашы керектигин айтты. 

Хакан Фидан Румыниянын борбор шаары Бухарестте кесиптеши Луминита Одобеску менен жолугушуусунан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Фидан Түркиянын Монтре кысыгы конвенциясын калыс жана кылдаттык менен ишке ашырууну улантканын белгилеп : «Кечээ  Софияда да  (Болгариянын борбору) пресс-конференцияда айттым, бүгүн дагы кайталайм, биз Монтренин талкуулануусун да  элестете албайбыз",- деди. 

Министр Фидан: «Монтрё конвенциясы аймактын коопсуздугунун кепилдиги катары иштөөсүн улантууда»,-деди. 

Фидан румыниялык кесиптеши менен болгон жолугушуусунда Балкандагы акыркы абалдар менен Жакынкы Чыгыштагы окуялардын да сүйлөшүлгөнүн айтты.

Фидан кесиптеши менен Газадагы ырайымсыздыкты,  трагедияны жана аны пайда кылган  коркунучтарды билдиргендерин баса белгилеп, Израилди Эл аралык Адилет Сотунун убактылуу тыюу салуу чечимин ишке ашырууга жана дароо толук ок атышпоо жарыялоого чакырганын белгиледи.

Израилдин блокададагы Газаны бир нече жумадан бери бутага алууну улантып жаткандыгын баса белгилеген Фидан, бомбалоодон аман калгандардын ачкачылык жана эпидемиялык оорулар менен күрөшүп жатканын айтты.

Тышкы иштер министри : "Газага гуманитардык жардам жана медициналык каражаттардын киришине Израилдин тоскоол болушу эл аралык коомчулук тарабынан эч качан кабыл алынбашы керек. 2 миллион киши бомбалоо астында ачкачылык жана эпидемиялык оорулар менен ачыкча өлүмгө ташталышына үнсүз кала албайбыз. Бул геноцидге тоскоол болуу үчүн дүйнөлүк коомчулукту дагы бир жолу күчтүү түрдө аракет кылууга чакырамын",- деди. 

 



Тектеш кабарлар