Фидандын Болгариядагы жолугушуулары

Бул тууралуу Министрликтин X социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө маалымат берилди.

2095366
Фидандын Болгариядагы жолугушуулары

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Болгариянын борбор шаары Софияда президент Румен Радев тарабынан кабыл алынды.

Министрликтин X социалдык медиа эсебинен жасалган билдирүүдө «Министрибиз Хакан Фиданды Болгариянын президенти Румен Радев Софияда кабыл алды",деген маалымат камтылган.

Министрликтин башка социалдык тармактагы бөлүшүүсүндө Фидандын Болгариянын премьер-министри Денков менен да жолуккандыгы айтылды.

Министр Фидан Софияда жолуккан Болгариянын Азирети муфтийи Мустафа Хажы менен «Кады Сейфулла эфенди мечитин» да зыярат кылды.



Тектеш кабарлар