Хакан Фидан Монтре кысыктар конвенциясын так аткарууну уланта тургандарын билдирди

Хакан Фидан Болгариянын борбор шаары Софияда вице-премьер жана тышкы иштер министри Мария Габриэль менен жолугушкандан кийин  өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

2095175
Хакан Фидан Монтре кысыктар конвенциясын так аткарууну уланта тургандарын билдирди

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Монтре кысыктар конвенциясын так аткарууну уланта тургандарын билдирди.

Хакан Фидан Болгариянын борбор шаары Софияда вице-премьер жана тышкы иштер министри Мария Габриэль менен жолугушкандан кийин  өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Кара деңизде Россия  -  Украина согушу менен күч алган чыңалууга көңүлдөрдү бурган Фидан : "Монтре конвенциясынын аткаруучусу катары Кара деңизде тынчтыкты сактоо жана ага коркунуч туудурган демилгелерге бөгөт коюу негизги приоритеттердин арасында»,-деди. 

Түркия, Болгария жана Румыниянын Кара деңизде «Минага каршы чара көрүү тобун түзүү келишиминен ыраазы болгондорун баса белгилеген Фидан муну аймактык коопсуздук кызматташтыгы үчүн үлгү катары көрсөткөндөрүн айтты.

Фидан жээктеш өлкөлөр катары муну аймактык менчик принцибине жана союздаштык рухуна да шайкеш кадам катары көрүшөрүн белгиледи.

Министр Фидан: «Монтре конвенциясын так аткарууну улантабыз, бул маселени талкуулоо мындай турсун, ал жөнүндө ойлонууга да болбойт»,-деди. 

Албаниядагы расмий жолугушууларынан кийин Болгарияга барган Хакан Фидан алгач борбор шаар Софияда Укук жана Эркиндик кыймылы  партиясынын төрагалыгын тапшыруу алыднда турган Мустафа Карадайы, партиянын теңтөрагалыгына талапкерлер Жевдет Чакиров жана Делян Пеевски менен жолугушту.

Министр Фидан Болгариядагы жолугушууларын аяктагандан кийин  шаршемби күнү расмий сапар менен Румынияга барат.

Сапарда эки тараптуу карым - катнаштар менен учурдагы аймактык жана глобалдык абалдар да талкууланат.

 



Тектеш кабарлар