Министр Фидан Нуланды кабыл алды

Тышкы иштер министрлиги X социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө Фидан менен Нуланддын борбор калаа Анкарадагы Тышкы иштер министрлигинин расмий резиденциясында жолугушкандыгын билдирди.

2094349
Министр Фидан Нуланды кабыл алды

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу жана саясий иштер боюнча катчынын орун басары Виктория Нуландды кабыл алды.

Тышкы иштер министрлиги X социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө Фидан менен Нуланддын борбор калаа Анкарадагы Тышкы иштер министрлигинин расмий резиденциясында жолугушкандыгын билдирди.

Тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Йылдыз, X каналындагы билдирүүсүндө Нуланд менен жолугушкандарын жана Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы окуялар тууралуу пикир алмашкандарын белгиледи.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Нуланд Түркия-АКШ стратегиялык механизминин алкагында тышкы иштер министринин орун басары элчи Бурак Акчапардын чакыруусу менен Түркияга келди.

Стратегиялык механизм жолугушуусунда боло турган кеңири кеңешмелерде аймактык жана эл аралык темалар менен бирге Түркия-АКШ карым-катнаштары боюнча да пикир алышуу каралууда.



Тектеш кабарлар