Куртулмуш: “Кипр маселеси биздин улуттук маселебиз”

Куртулмуш Парламентте Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Республика Парламентинин төрагасы Зорлу Төре менен жолугушту.

2093046
Куртулмуш: “Кипр маселеси биздин улуттук маселебиз”

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) Төрагасы Нуман Куртулмуш, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) азыр эл аралык аренада мамлекет катары өзүнүн бар экенин кабыл алдыра ала турган мезгилдин башталышында экендигин айтты.

Куртулмуш Парламентте Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Республика Парламентинин Төрагасы Зорлу Төре менен жолугушту.

Жекеме-жеке жолугушуу учурундагы сөзүндө, “Кипр маселеси биздин улуттук маселебиз”,-деп айткан Куртулмуш:  «Кипр менен Түркия Республикасы толук интеграцияда, толук түшүнүү биримдигинде. ТКТР азыр өзүнүн бар экенин кабыл алдыра ала турган мезгилдин башталышында турат”,-деди.

Кипр тынчтык операциясынан бери 50 жыл, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлгөнүнөн бери 40 жыл өткөнүн жана быйыл 41 жылдыгы болоорун белгилеген Куртулмуш: “Кипр Түрк мамлекети азыр бардык мекемелери жана уюмдары менен көз карандысыз жана күчтүү мамлекет катары көрүнүп турат. Мындан кийинки баскычта Аллахтын уруксаты менен аралдагы кипрдик түрктөрдүн укуктарын жана мыйзамдарын, Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги укуктарды жана мыйзамдарды коргойбуз жана эл аралык аренада барган сайын көбүрөөк таанылуусун арттыруу үчүн иштеп жатабыз. ТКТР мүмкүн болушунча тез арада дүйнөдө олуттуу түрдө таанылган өлкө болот деп үмүттөнөм”,-деди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Республика Парламентинин Төрагасы Төре да: “Биз ар дайым негизги мекенибиз Түркиянын жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын колдоосун, жардамын жана алакасын көрдүк. Биз жолубузду бирге улантабыз”,-деп айтты.



Тектеш кабарлар