ТЕКНОФЕСТтин негизинде Билим берүү технологиялары конкурсу өткөрүлөт

ТЕКНОФЕСтен берилген маалыматка караганда конкурска Түркия жана өлкө тышында окуган орто мектеп, лицей жана университеттин окуучулары менен бүтүрүүчүлөр катыша алат.

2089214
ТЕКНОФЕСТтин негизинде Билим берүү технологиялары конкурсу өткөрүлөт

Түркия технология командасы фонду жүргүзгөн ТЕКНОФЕСТтин негизинде Билим берүү технологиялары конкурсу өткөрүлөт.

ТЕКНОФЕСтен берилген маалыматка караганда конкурска Түркия жана өлкө тышында окуган орто мектеп, лицей жана университеттин окуучулары менен бүтүрүүчүлөр катыша алат. Өзгөчө бүтүрүүчү деңгээлдеги компаниялар же ишканалар команда катары же жекече кайрыла алышат.

Үйрөнүүдө эффективдүүлүктү эң жогрку деңгээлде кармоо, окуучулар онлайн жана офлайн үйрөнүү платформаларында колдоно ала турган компьютердик же мобилдик колдонууга ылайык  чечимдерди чыгаруу маанилүү баалоо критерийлеринин арасында орун алат. Кайрылуучулардан  прототип продуктылар, билим берүү программалары, билим берүүчү оюндар, билим берүү симуляциялары жана инновациялык технологиялар боюнча долбоорлорду иштеп чыгышы күтүлүүдө.

ТЕКНОФЕСТтин негизинде уюштурулган Билим берүү технологиялары конкурсунда башталгыч класс жана орто мектеп деңгээлинде биринчи орунду алгандарга  50 миң лира, экинчи орунду алгандарга  40 миң лира, үчүнчү орунду алгандарга  30 миң лира, лицей деңгээлинде биринчи орунду алгандарга  50 миң лира,  экинчи орунду алгандарга  40 миң лира, үчүнчү орунду алгандарга 30 миң лира, университети жана андан жогорку билимдүүлөргө   биринчи орунду алгандарга  60 миң лира, экинчи орунду алгандарга  50 миң лира, үчүнчү орунду алгандарга  40 миң лира берилет. Конкурска кайрылуулар  20 -  февралда аяктайт.

 



Тектеш кабарлар