Шейиттер үчүн мечиттерде дуба кылынды

Дин иштери боюнча төрага Али Эрбаш борбор шаар Анкарадагы Хажы Байрам-ы Вели мечитинде Курани Карим окулгандан кийин багымдат намазын окуду.

2088400
Шейиттер үчүн мечиттерде дуба кылынды

Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Кулпу» операциясы аймагында ПКК террористтери менен болгон кагылышууда шейит болгон 9 түрк аскери үчүн бардык мечиттерде багымдат намазында дуба кылынды.

Дин иштери боюнча төрага Али Эрбаш борбор шаар Анкарадагы Хажы Байрам-ы Вели мечитинде Курани Карим окулгандан кийин багымдат намазын окуду.

Бул жердеги жамаатка кайрылган Эрбаш, биринчи адамдан башталган туура менен батылдын күрөшүнүн акыр заманга чейин улана турганын айтты.

Туура жолдо жүрүү күрөштү талап кылаарын белгилеген Эрбаш: «Палестинада, Газада, Чыгыш Түркстанда, Мьянмада, Араканда, Кашмирде жана Иракта кай жерде болсо да шейит болгон жүз миңдеген мусулмандар бар. Алар туура жолдон баш тартпаганы үчүн шейит болушту»,-деди.

Дин иштери башкармалыгынын башчысы Эрбаш: «Бүткүл дүйнөгө ар дайым жалганга, зулумга, жамандыкка каршы экенибизди эл катары кыйкырып, тилибиз менен дуба кылабыз», - деп айтты.



Тектеш кабарлар