Фахреттин Алтун : "Медиа маданияты тынчтыкчыл дүйнө үчүн маанилүү"

Жыл сайын  10 -  январда медиа өкүлдөрүнүн эмгектери бааланууда.

2087064
Фахреттин Алтун : "Медиа  маданияты тынчтыкчыл дүйнө үчүн маанилүү"

10 -  Январь Түркияда журналисттердин укуктарын урматтоодо. Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин  Алтун ушул себеп менен Газада Израиль тарабынан өлтүрүлгөн басма сөз кызматкрелерин эскерди. 

Түркия Коммуникация башкармалыгынын трагасы Фахреттин Алтун өнүккөн жана тынчтыкчыл дүйнө үчүн медиа маданиятынын маанилүү ролун баса белгиледи. Шаршемби күнү социалдык медиа платформасы  Х аркылуу маалымат берген Алтун негизги маселелердин бири " акыйкаттык кризиси" экендигин баса белгиледи. Алтун тынымсыз жалган маалымат таратуу кампанияларынын дүйнө жүзү боюнча чоң маселеге айланганын кошумчалады. Алтун : «Чындыктын жарыгында жана кесиптик этика принциптерине ылайык иш алып барган бардык журналисттер  кадыр - барктуу кесиптин өкүлдөрү катары таанылышы керек»,-деди.

"10 -  Январь эмгектенген журналисттер күнүнөн улам  бардык журналисттердин жана басма сөз кызматкерлердин күнүн куттуктаймын. Алар күнү -  түнү дебестен берилгендик менен эмгектенишүүдө. Кесиптерин адептүүлүк принциби менен  орундатууга аракет кылышууда. Тактык, адилеттүүлүк жана объективдүүлүк менен иш алып барышууда",- деди. 

Коммуникация башкармалыгынын төрагасынын билдирүүсүнүн себеби  Түркияда эмгектенген журналисттер күнү деп аталган күн. Жыл сайын  10 -  январда медиа өкүлдөрүнүн эмгектери бааланууда. 

 



Тектеш кабарлар