Түрк куралдуу күчтөрү террористтерге каршы күрөшүн улантып жатат

Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.

2086202
Түрк куралдуу күчтөрү террористтерге каршы күрөшүн улантып жатат

Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы» аймагына кол салууга даярданып жатканы аныкталган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга мүчө 3 террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: «Жалгыз максаттары аймакта кан төгүү болгон ПКК/ЙПГ террористтерине бөгөт болуудабыз. Баатыр Түрк куралдуу күчтөрүбүз, Сириянын түндүгүндөгү «Тынчтык булагы» аймагына кол салууга даярданып жатканы аныкталган 3 ПКК/ЙПГ террористин таасирсиз кылды»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар