Министр Фидан эртең Кыргызстанга барат

Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2085788
Министр Фидан эртең Кыргызстанга барат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен эртең бул өлкөгө барат.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Урматтуу министрибиз 2024-жылдын 9-январында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мырзанын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына иш сапары менен барат. Жолугушууларда эки тараптуу мамилелерибиздин бардык аспектилерин талкуулоо, ошондой эле учурдагы аймактык маселелер жана эл аралык темаларда пикир алмашылышы көздөлүүдө», - деп айтылды.



Тектеш кабарлар