Фахреттин Алтун «Кипр фактылары» көргөзмөсүнө катышты

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун румдардын өткөн күндөрдө  Кипр түркүнө карата этникалык тазалык жана четтетүү аракеттерин унуттурбоо үчүн колдон келгендин баарын кыла тургандарын айтты.

2084794

Алтун Анкара сүрөт галереясында жана аукцион үйүндө өткөрүлгөн «Кипр фактылары» көргөзмөсүнө барды.

 Программага Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар да катышты.

Алтун Кипр чындыктарын улуттук жана эл аралык коомчулукка түшүндүрүү үчүн бул көргөзмө менен бирге бир топ иш  -  чараны  турмушка ашыра тургандарын айтты.

Алтун «Кипр чындыктары» көргөзмөсүнүн бул багытта таштай турган кадамдардын алгачкысы экендигин, коомдук дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен өлкө ичинде жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында, дүйнөнүн түрдүү аймактарында Кипр доосун, Кипр чындыктарын бүткүл дүйнөгө, эл аралык коомчулукка түшүндүрө тургандарын белгиледи.

Алтун : «Биирнчиден болгон зомбулук бар. Экинчиден бул болгон зомбулукка каршы Кипр түркүнүн даңктуу каршылыгы бар»,- деди.

Көргөзмөдө Кипр түркүнө жасалган зомбулуктун улуттук жана эл аралык медиада кандай документтештирилгендигин көрүүгө болоруна көңүлдөрдү бурган коммуникация башкармалыгынын төрагасы Алтун көргөзмөдө көптөгөн тарыхый документтин бөлүшүлгөндүгүн билдирди.

Тектеш кабарлар