Габардагы мунай өндүрүшү
Алпарслан Байрактар борбор шаар Анкарада жаштар менен жолугушуп, Кара деңиз жаратылыш газынан Габар мунайзатына чейин көптөгөн темада суроолорго жооп берди.
Шырнактын Габар тоосунда күнүмдүк мунай өндүрүү 30 миң баррелден ашты.
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар борбор шаар Анкарада жаштар менен жолугушуп, Кара деңиз жаратылыш газынан Габар мунайзатына чейин көптөгөн темада суроолорго жооп берди.
Байрактар алдыбыздагы 30 жылда Түркияны энергетикада тышкы көз карандылыктан куткарууну максат кылгандарын айтты.
2020-жылдын 21-августунда Кара деңиздеги Сакария газ кенинде Республика тарыхындагы эң чоң жаратылыш газынын табылганын эске салган Байрактар, бул жер толук өндүрүшкө киргенде Түркиянын муктаждыгынын 25-30 пайызын камсыздай ала турганын маалымдады.
Габарда табылган мунайга да токтолгон Байрактар: «Учурда күнүмдүк өндүрүшүбүз 30 миң баррелден ашты. Габар сыяктуу балким, өзүбүздүн кургактык чек араларыбызда жаратылыш газынын ар кандай кендерин табуу менен Түркиянын бул тармактагы тышка көз карандылыгын жоебуз»,-деди.