Фидан Европа Биримдиги Комиссиясынын мүчөсү Вархели менен жолугушту

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, жыйында 12-декабрда өткөрүлгөн ЕБнын жалпы иштер кеңешинин кеңейүү жыйынтыктары жана 14-15-декабрда өткөрүлгөн ЕБ саммитинин жыйынтыктары каралды.

2077736
Фидан Европа Биримдиги Комиссиясынын мүчөсү Вархели менен жолугушту

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын Коңшулук жана кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Оливер Вархели менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, жыйында 12-декабрда өткөрүлгөн ЕБнын жалпы иштер кеңешинин кеңейүү жыйынтыктары жана 14-15-декабрда өткөрүлгөн ЕБ саммитинин жыйынтыктары каралды.

Фидан Европа Биримдиги Комиссиясы менен ЕБ тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл тарабынан даярдалган Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары боюнча биргелешкен билдирүүнүн,  күтүлгөндөн тескери түрдө, өткөн жумада өткөрүлгөн ЕБ саммитинде талкууланбай кийинки саммитке калтырылганы туура эмес экенин белгиледи.

Европа Биримдигинин Комиссары Вархелиге Европа Биримдигинин Түркияга карата дагы адилеттүү жана этият мамилесин көрсөтүшү керектигин айткан Фидан, глобалдык кыйынчылыктар күчөгөн бул күндөрдө ЕБнин стратегиялык көз карашта кыймылдап, Түркия менен карым-катнаштарын жакшыртуусу керектигин баса белгиледи.

Фидан Евробиримдиктин Бажы биримдигин жаңыртуу, инвестиция тармагында кызматташтыкты арттыруу жана виза жеңилдигин камсыз кылуу сыяктуу темаларда тез арада конкреттүү кадамдарды ташташы күтүлгөнүн эске салды.



Тектеш кабарлар