ПККга мүчө эки террорист багынып берди
Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.
Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жайларынан качкан жикчил террордук уюм ПККга мүчө эки террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: «Түрк куралдуу күчтөрүнүн чечкиндүү операцияларынын натыйжасында Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоочу жайларынан качкан 2 ПКК террористи Хабурдагы чек ара бекетибизге багынып беришти. Террористтер үчүн кутулуунун жалгыз жолу түрк адилеттигине багынып берүү»,-деген сөздөр камтылды.
Тектеш кабарлар
Чамлыжа мунарасын 1 миллион 800 миң киши кыдырды
Мунаранын ар башка бөлүмдөрүндө атайын күндөр да болгон бир топ иш - чаралар өткөрүлүүдө.
Министр Фидан Испанияда
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Европа өлкөлөрүн Палестинаны мамлекет катары таанууга чакырды.