Эрдоган Венгрияда жолугушууларын өткөрүүдө

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен бул тууралуу маалымат берилди.

2078034
Эрдоган Венгрияда жолугушууларын өткөрүүдө
viktor orban-erdogan.jpg
togg viktor orban.jpg
togg viktor orban.jpg

Эрдогандын Новак менен болгон жолугушуусунда Түркия-Венгрия эки тараптуу карым-катнаштары, глобалдык жана аймактык маселелер, Израилдин Газага кол салууларына байланыштуу жагдайлар каралды.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа эсебинен берилген маалыматка караганда жолугушууда президент Эрдоган Түркиянын бардык кагылышуу аймактарында бейпилдиктин камсыздалышы үчүн глобалдык тынчтыкка кызмат кылуу аракетинин уланып жатканын айтты.

Аймактык жана глобалдык тынчтыкты, адам укуктарын жана эл аралык укукту коргоо үчүн Израилдин Палестина жерлерине кол салууларынын токтотулушу керектигин белгилеген Эрдоган Түркия-Венгрия карым-катнаштарына да токтолду.

Эрдоган Будапешт сапарынан кийин Түркия менен Венгриянын ортосундагы карым – катнаштардын дагы да тереңдей турганына ишенгенин баса белгиледи.

Жолугушууда глобалдык жана аймактык маселелер да талкууланды.

Президент Эрдоган венгриялык кесиптеши Каталин Новак менен Шандор сарайында жолугушкандан кийин Кармелита монастырына барды. Эрдоган бул жерде тосуп алган премьер-министр Виктор Орбанга жергиликтүү жана улуттук өндүрүлгөн TOGG электрдүү унаасын белек кылды.

Эрдоган TOGGду айдаган премьер-министр Орбанга унаа тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр Орбан да президент Эрдоганга венгр атын белек кылды. Басма сөзгө жабык өткөн эки тараптуу жолугушуудан кийин делегациялар ортосундагы жолугушууга Эрдоган менен Орбандын жетекчилигинде өттү.



Тектеш кабарлар