Байрактар ​​TB2 түрк авиация тарыхындагы рекордду жаңылады

Байрактар ​​TB2 SİHA, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) инвентаризациясына 2014-жылы кирген.

2075279
Байрактар ​​TB2 түрк авиация тарыхындагы рекордду жаңылады

Түркиянын биринчи улуттук куралдуу учкучсуз учуучу аппараты (SİHA) Байрактар ​​TB2, 750 миң сааттык учууну ийгиликтүү аяктап түрк авиация тарыхындагы рекордду жаңылады.

Байкардын билдирүүсүнө караганда, түрк авиация тарыхында жаңы жолду ачкан Байрактар ​​TB2 учкучсуз учуучу аппарат системасы, 750 миң сааттык учууну ийгиликтүү аяктады. Ушундайча Байрактар ​​TB2 SİHA асманда миллион саатка жакындап, эң узак убакыт кызмат кылган биринчи улуттук аппарат болду.

Түркиянын улуттук SİHA системаларын чыгарган Байкар тарабынан иштелип чыккан улуттук SİHA Bayraktar TB2, техникалык өзгөчөлүктөрү жана катышкан операциялары бааланганда өз классында дүйнөнүн эң мыктысы болуп эсептелет. Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) инвентаризациясына болсо 2014-жылы кирген. 

2015-жылы куралдандырылган Байрактар ​​TB2 SİHA, 2014-жылдан бери өлкөдө жана чек аранын сыртында террор менен күрөшүүдө эффективдүү иштеп жатат.

Байрактар ​​TB2 SİHA 2019-жылдын 16-июлунда Кувейттеги демо учуусунда жогорку температура жана кум бороондору сыяктуу татаал аймактык жана климаттык шарттарда 27 саат 3 мүнөт үзгүлтүксүз учуп рекорд койгон.

Түрк авиация тарыхында тактикалык класста 27 саат 3 мүнөт абада калып эң узак учуу убактысы жана 27 миң 30 фут бийиктиги менен Түркиянын бийиктик рекордун жаңылаган улуттук SİHA, 750 миң сааттык учуу менен бирге түрк авиациясынын тарыхына кирди. Улуттук SİHA Түркияга эң көп убакыт кызмат кылган аппарат титулуна да ээ.



Тектеш кабарлар