Эрдоган TRT World Forum 2023тө сөз сүйлөдү

Президент Эрдоган, Жакынкы Чыгышта 7-октябрдан бери уланып жаткан кагылышууларга токтолду.

2074419
Эрдоган TRT World Forum 2023тө сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркия мындан ары кан төгүлбөшү, кыйроолор же көз жаштын агылбашы үчүн жоопкерчиликти алууга даяр»,-деди.

Президент Эрдоган "TRT World Forum 2023тө" сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган, Жакынкы Чыгышта 7-октябрдан бери уланып жаткан кагылышууларга байланыштуу: «Түркия мындан ары кан төгүлбөшү, кыйроолор же көз жаштын агылбашы үчүн жоопкерчиликти алууга даяр. Глобалдык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоого жооптуу эл аралык уюмдардын көйгөйлөрдү чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес экенин бүгүнкү күндө жакшыраак түшүнүп жатабыз»,- деди.

Эрдоган: «Туруктуу тынчтыкты орнотууда жоголгон ар бир күндүн ар бир көз ирмемдин кесепетин тилекке каршы отко күйүүчү май куюп жаткан батыштыктар эмес бейкүнөө адамдар тартышат», - деп кошумчалады.

«Газада 70тен ашуун медиа кызматкери каза болду. Дүйнө жүзү кайда, дүйнөнүн белгилүү медиа органдары кайда? Эмнеге үн катпайт? Дүйнөлүк медиакартелдер Газадагы ырайымсыздыкка көз жумуп, ХАМАС шылтоосу менен журналисттердин кыргынын мыйзамдаштырууга аракет кылып жатышат»,-деп айткан Президент сөзүн улап: «Учурда Анадолу агенттигинен бир шейит бар. Бул жерден көрүнүп тургандай, жарадар болгон ардагер операторубуз бар. Кайда? Газада? Күн сайын журналисттерди өлтүрүп жатышат, бирок көп жылдар бою басма сөз эркиндигин айтып келген мекемелердин бири да унчугушпайт»,-деп айтты.

Эрдоган: «Бардык жапайычылыктарына карабастан газалыктардын туруштук берүү чечкиндүүлүгүн сындыра албаган Израиль медиадагы пропагандалык согушта да жеңилүүдө. ТРТ, Анадолу агенттиги жана башка медиа мекемелерибизди Газадан дүйнөгө маанилүү байланыш коридорун ачкандыгы үчүн куттуктайм. ТРТ үнү угулбагандардын үндөрүн угузууну жана окуяларды кеңири чагылдырууну тынымсыз улантууда»,-деди.

Президент Эрдоган: «(Нетаньяху жана анын тарапкерлери) Алар террорчулукка шыкакчылар катары террористтер болуп эсептелет жана Гаага сотунда сөзсүз соттолушат»,- деп айтты.

Эрдоган: «Эгерде Израилдин ырайымсыздыгын алдын ала албасак, дүйнөнүн эч бир жеринде эч ким өзүн коопсуз сезе албайт. Анткени Пандоранын кутусу ачылды»,-деди.



Тектеш кабарлар