Түркиянын көмүр кычкыл газынын эмиссиясын азайтуу планы

Министр Байрактар, Дүйнөлүк банк тарабынан уюштурулган панелге видео билдирүү жөнөттү.

2072485
Түркиянын көмүр кычкыл газынын эмиссиясын азайтуу планы

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Байрактар, ​​Түркиянын көмүр кычкыл газынын эмиссиясын азайтуу планына байланыштуу: «2024-2030-жылдарды камтыган энергияны үнөмдөө боюнча экинчи иш-аракеттер планынын алкагында эмиссияларыбызды жалпысынан 100 миллион тоннага кыскартууну максат кылуудабыз»,-деди.

Министр Байрактар, Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (UNFCCC) Тараптардын 28-конференциясынын (COP28) алкагында, Дүйнөлүк банк тарабынан уюштурулган «Таза нөлдүк эмиссия үчүн жаңы максаттар: Түркияны күн, шамал жана акылдуу тармактар ​​менен өзгөртүү» аттуу панелге видео билдирүү жөнөттү.

Байрактар ​​билдирүүсүндө Түркиянын экинчи энергетикалык үнөмдөө аракет планына токтолуп: «2024-2030-жылдарды камтыган энергияны үнөмдөө боюнча экинчи иш-аракеттер планынын алкагында эмиссияларыбызды жалпысынан 100 миллион тоннага кыскартууну көздөп жатабыз. Бул пландын амбициялуу экени жана олуттуу сыноолор менен бетме-бет келгенибиз чын. Бирок эл аралык коомчулук, өзгөчө каржы мекемелери жана инвесторлор менен биргеликте мунун баарын ишке ашыра алабыз», - деди.



Тектеш кабарлар