Мехмет Шимшектин билдирүүсү

Министр Шимшек социалдык медиа баракчасынан «Европа Биримдиги-Түркия саясий, экономикалык жана соода карым-катнаштарынын абалы» жөнүндөгү отчетко байланыштуу англис тилинде билдирүү бөлүштү.

2071188
Мехмет Шимшектин билдирүүсү

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек: «Түркияны Европа Биримдиги (ЕБ) менен бекем байланыштыргыбыз келет»,- деди.

Министр Шимшек социалдык медиа баракчасынан «Европа Биримдиги-Түркия саясий, экономикалык жана соода карым-катнаштарынын абалы» жөнүндөгү отчетко байланыштуу англис тилинде билдирүү бөлүштү.

Билдирүүсүндө Еврокомиссиянын отчетун кубаттагандарын белгилеген Шимшек, комиссия жана жогорку өкүлчүлүк сунуш кылган чаралардын шыктандыруучу жана оң жылыштарды көрсөткөнүн айтты.

Шимшек, өзгөчө экономика, энергетика жана транспорт темаларында ЕБ-Түркия жогорку деңгээлдеги диалогдорун кайрадан баштоо, өнөктөштүк кеңеши жана министрлер деңгээлинде Жогорку деңгээлдеги саясий диалог жыйындарын улантуу, ЕБ-Түркия Бажы биримдигин модернизациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн долбооруна байланыштуу талкуулоолорду кайрадан жандандыруу, Европа инвестиция банкын Түркиядагы бардык секторлордо ишмердүүлүгүн кайра баштоого чакыруу, Европа Биримдигиндеги түрк ишкерлери, студенттер, түрк жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза чектөөлөрүн жеңилдетүү чакырыктарына көңүл бурду.

«Түркия менен ЕБнин бирге күчтүү экенин» баса белгилеген Шимшек: «Түркияны Европа Биримдигине бекем түрдө кайра байланыштырууну каалайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар