Палестина эли менен эл аралык тилектештик күнү

29-ноябрь Палестина эли менен эл аралык тилектештик күнүнө карата билдирүүлөр.

2070949
Палестина эли менен эл аралык тилектештик күнү
fahrettin altun.jpg
cevdet yilmaz.jpg

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш, Палестина элинин бүгүнкү күндө мурда болуп көрбөгөндөй мыкаачылыктын курмандыгы болгонун белгилеп, эңсеген күндөрүнө тезирээк кайтышын каалаганын айтты.

Куртулмуш 29-ноябрь Палестина эли менен эл аралык тилектештик күнүнөн улам Палестинанын Анкара элчилиги тарабынан уюштурулган программага билдирүү жөнөттү.

Палестинанын таламына күчтүү колдоосун ырастаганын баса белгилеген жана бардык палестиналыктарга тилектештик сезимдерин билдирген Куртулмуш: «Израилдин ондогон жылдардан бери уланып келе жаткан адилетсиз басып алуу жана аннексиялоо саясаты Палестина элинин укуктарын жана келечектеги үмүттөрүн көз жаздымда калтырып, Палестина калкынын ар кандай азапты баштан өткөрүшүнө себеп болду. Өмүрүнө, эркиндигине, мүлкүнө жана коопсуздугуна каршы түрдүү кол салууларга дуушар болгон Палестина эли бүгүнкүн күндө мурда болуп көрбөгөндөй мыкаачылыктын курмандыгы болууда»,-деди.

Палестина элинин эркиндиги жана Палестина жерлеринин көз карандысыздыгы үчүн күрөштүн улана турганын баса белгилеген Куртулмуш: «Ондогон жылдардан бери уланып келе жаткан мыкаачылык, басып алуу жана аннексия саясаттары тез арада бүтүп, Палестина элинин эңсеген күндөрүнө тезирээк кайтышын каалайм»,-деп айтты.

Вице-президент Жевдет Йылмаз да социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Израилдин Газага кол салууларына унчукпай тургандарды дагы бир жолу адамзаттын тарабында турууга чакырды.

Глобалдык ырааттуулукту жана тынчтыкты коркунучка салган бул кыргындардын токтошу керектигин, туруктуу тынчтыктын эң кыска мөөнөттө орнотулушу керектигин баса белгилеген Йылмаз: «Түркия катары мурдагыдай эле бүгүнкү күндө да Палестина доосунда палестиналык боордошторубуздун жанындабыз. Туруктуу тынчтык жана бейпилдик үчүн аймактагы гуманитардык жана дипломатиялык иштерибизди үзгүлтүксүз улантуудабыз. Туруктуу тынчтык үчүн жалгыз чечим, Газага кол салуулардын биротоло токтотулушу жана борбор шаары Кудс болгон Палестина мамлекетинин кабыл алынышы. Биз тарыхта болгондой эле бүгүнкү күндө да бейкүнөө жана эзилгендердин үнү болууну улантабыз»,-деди.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун болсо социалдык медиа эсебинен Израилдин кол салуусуна дуушар болгон Газадан көрүнүштөрдү камтыган видео бөлүштү.

Фахреттин Алтун: «Түркия ар бир чөйрөдө туура жана чындыкты билдирүүнү өзүнүн милдети деп эсептеди жана Палестина маселесинде адилеттүү, туруктуу чечимдин ишке ашырылышы үчүн мурункудай эле бүгүнкү күндө да чын жүрөктөн аракет кылат, Палестина элинин артында турууну улантат»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар