Түркиядан Ооганстанга «Боорукердик поезди» барды
Түркиянын Кабулдагы элчиси жана убактылуу ишенимдүү өкүлү Женк Үнал Түркиянын оор күндөрдө ооган элинин жанында экенин, гуманитардык жардамдын мындан ары да улана турганын белгиледи.
Түркияда жайгашкан бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен гуманитардык жардам материалдарын ташыган 19 - «Боорукердик поезди» Түркмөнстан чек арасындагы Тургунди чек ара капкасынан Ооганстандын Герат облусуна жетти.
Чатырлар, жууркан-төшөктөр, генераторлор, тамак-аш, ашкана жана гигиеналык буюмдарды камтыган 500 тоннадан ашык гуманитардык жардам негизинен Герат провинциясынын жер титирөөдөн зыян тарткан аймактарына жана Пакистан-Ооганстан чек арасында Пакистандан кайтып келген ооган мигранттарына таратылат.
Түркиянын Кабулдагы элчиси жана убактылуу ишенимдүү өкүлү Женк Үнал Түркиянын оор күндөрдө ооган элинин жанында экенин, гуманитардык жардамдын мындан ары да улана турганын белгиледи.
19 даана «Боорукердик поезди» менен Ооганстанга жеткирилген гуманитардык жардам материалдары 8 миң 201 тоннага жетти.
Сөз болуп жаткан жардам Ооганстандагы миңдеген үй-бүлөлөргө таратылды.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.