Түркияга дагы 61 газалык бейтап алып келинди

Бул тууралуу Министр Кожа социалдык медиа эсебинен маалымат бөлүштү.

2066325
Түркияга дагы 61 газалык бейтап алып келинди
koca gazzeli hasta.jpg
bakan-koca-gazzeli-kanser-hastalari.jpg

Газадан алып келинген 61 бейтап жана 49 коштоочусу менен Эл Ариштен абага көтөрүлгөн Улуттук коргоо министрлигине таандык учак борбор шаар Анкарадагы Этимесгут аскердик аэропортуна конду.

Өткөн жумада Газадан 27 бейтап жана 13 коштоочусу Президенттик жана Улуттук Коргоо министрлигине таандык учактар ​​менен Түркияга алынып келинип, бейтаптар Билкент шаардык ооруканасында дарыланды.

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Газадан 61 бейтап менен 49 коштоочунун борбор шаар Анкарага алып келинүүнүн пландалганын айтты.

Министр Кожа социалдык медиа эсебинен бүгүн кечинде Газадан Египетке дагы 61 бейтап жана 49 коштоочусунун жеткирилгенин жарыялап:«Эль-Ариштеги ооруканада түнөй турган бейтаптардын эртең менен учак менен Анкарага алып келиниши пландалууда, Газадан келген ар бир бейтаптын дарылануусу боордошторубузга жана адамзаттын жараланган абийирине карата милдетибиз»,-деди.

Улуттук коргоо министрлиги да Саламаттыкты сактоо министрлигинин талабы боюнча Түркияда дарылана турган Газалык бейтаптарды эвакуациялоо үчүн Аскердик аба күчтөрүнө таандык A400M учагынын дайындалганын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө: «Саламаттык сактоо министрлигинин талабы боюнча Түркияда дарылана турган 109 газалык боордошубузду эвакуациялоо үчүн Аба күчтөрүбүзгө таандык A400M учагы дайындалды. Кайсериден көтөрүлүп Египетке кеткен учакта 10 кишилик саламаттык сактоо кызматкерлери да бар»,делди.

Өткөн жумада Газадан чыгарылган кээ бир рак оорулуулары жана алардын шериктери Түркияга алынып келинип дарыланышты.



Тектеш кабарлар