Түркиядан Газага жардам жолго чыкты

Түркия аймакка толук камсыздалган талаа ооруканаларын жана  20 тез жардам унаасын жиберди.

2062986
Түркиядан Газага жардам жолго чыкты

Газа үчүн берилген медициналык жардамдардын эң чоңу Измирден жолго чыкты.

Түркия аймакка толук камсыздалган талаа ооруканаларын жана  20 тез жардам унаасын жиберди.

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа жалпы  51 контейнер медициналык каражат жана генератор менен  20 толук камсыздалган тез жардам унаасы орун алган кеменин Измирдеги Алсанжак портунан Египетке жолго чыккандыгын жарыялады.

Жолго чыккан медициналык жардамдардын ичинде реанимациялык каражаттар, бардык шарттарга чыдамдуу, толугу менен камсыздалган талаа ооруканасы жана бул ооруканаларда колдонуу үчүн медициналык дары  - дармек орун алууда.

Жардам ташыган кеменин эртең Эль - Ариш портуна баруусу пландалууда.

Министр Фахреттин Кожа Эль -  Ариш аэропортуна дары-дармек, медициналык керектелүүчү материалдар, медициналык шаймандар жана генераторлордон турган 8 жүк учагынын баргандыгын баса белгиледи.

Түркия буга чейин  аймакка аба жолу менен 230 тонна жардам материалын жиберди.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары  7 -  октябрда Израилге «Акса топону» аттуу чабуул жасагандыгын жарыялаган.

Израиль армиясы да буга жооп катары аскердик учактар менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» аттуу операция баштагандыгын билдирген.

Күч алган чыңалуудан улам көпчүлүлү балдар болгон 10 000ден ашуун палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар