АКШдан Түркия тууралуу билдирүү

АКШ Түркиянын «негизги» НАТО союздашы экендигин белгилеп, союздаштыктын бекемделиши үчүн Анкара менен бирдикте иштөөнү уланта тургандарын билдирди.

2058257
АКШдан Түркия тууралуу билдирүү

АКШ Түркиянын «негизги» НАТО союздашы экендигин белгилеп, союздаштыктын бекемделиши үчүн Анкара менен бирдикте иштөөнү уланта тургандарын билдирди.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мэтью Миллер президент Режеп Таййип Эрдогандын Хамастын террордук уюм эмес экендиги тууралуу билдирүүлөрүнөн кийин Түркиянын НАТОдон чыгарылышы тууралуу чакырууларага байланыштуу суроого : «Бул тууралуу ар башка пикирде экенибизге карабастан Түркиянын негизги НАТО союздашы экендигин айта аламын»,- деп жооп берди.

Альянстын күчтөндүрүлүшү үчүн Анкара менен иштешүүнү уланта тургандарын белгилеген Миллер Швециянын НАТОго кошулуу протоколунун Түркия Улуу Улуттук Парламентине жөнөтүлгөнүн да эске салды.

Миллер: «Биз НАТОну бекемдөө үчүн Түркия  менен кызматташууну улантууну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз», - деп,  мунун Швециянын НАТОго кошулушун тез арада ишке ашырууну да камтыгандыгын баса белгиледи.

Бул келишпестиктин Түркия башкаруусу менен болгон биринчи келишпестик  эмес экендигин баса белгилеген катчы бирок Түркияны өндүрүмдүү жана конструктивдүү НАТО өнөктөшү катары көргөндөрүн айтты.



Тектеш кабарлар