Куртулмуш Прагада өткөрүлгөн Крым платформасынын саммитинде сөз сүйлөдү

Куртулмуш, согуштарды тез арада токтотуу Түркиянын негизги приоритеттеринин бири экенин баса белгиледи.

2055189
Куртулмуш Прагада өткөрүлгөн Крым платформасынын саммитинде сөз сүйлөдү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш, карапайым калкты бутага алган кол салуу кимден келип, кимге багытталса дагы эч качан кабыл алынбай турганын айтты.

Куртулмуш Чехиянын борбор шаары Прагада өткөрүлгөн Крым платформасынын 2-Парламентар саммитинде Башкы ассамблеяга кайрылуу жасады.

Куртулмуш Түркиянын, Украина башынан өткөргөн бардык бул кыйынчылыктарга каршы Украинанын жанында болгонун, Крымдын аннексиясын биринчи күндөн баштап четке какканын жана Крымдын эл аралык аренада Украинанын бир бөлүгү экенин ырастаганын айтты.

Бир гана Крым эмес, Орусия тарабынан аннексияланган берки жерлердин да эл аралык укук жагынан Украинанын бир бөлүгү экенин айткан Куртулмуш сөзүн мындайча улантты:

«Украинанын эгемендүүлүгүн жана эл аралык таанылган чек араларындагы аймактык бүтүндүгүн колдообуз толук жана мындан ары да уланат».

Украина жерлериндеги согуш жана басып алуунун чоң кыйроолорду жана сансыз өлүмдөрдү алып келгенин билдирген Куртулмуш, бул согуштарды тез арада токтотуу Түркиянын негизги приоритеттеринин бири экенин баса белгиледи.

Израиль-Палестина жаңжалына да токтолгон Куртулмуш: «Жарандарды бутага алган кол салуу кимден келип, кимге багытталса дагы эч качан кабыл алынбайт»,-деди.

Болжол менен 5 миң киши каза болгон Газа аймагында тез арада ок атышпоонун камсыздалышы жана бул аймакка ооруканалар менен бирге гуманитардык жардамдардын жеткирилишинин маанилүү экенин баса белгилеген Куртулмуш: «Түркия катары биз 1991-жылдагы чек араларда эл аралык система тарабынан кабыл алынган Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана 1967-жылдагы чек араларда Палестина мамлекетинин аймактык бүтүндүгүн жактайбыз. Экөөнүн тең биргелешип эл аралык коомчулук тарабынан жактылышы керек деп эсептейбиз»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Куртулмуш, Газадагы гуманитардык кризистин алдын алуу үчүн эл аралык системанын шашылыш түрдө чара көрүүсүнүн адамзаттык иши экенин айтты.



Тектеш кабарлар