Фидан:«Түркия туруктуу тынчтык үчүн аймактык маселелердин диалог аркылуу чечилишин жактайт»

Тышкы иштер министрлиги X социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө Фидандын Ирандын борбор шаары Тегеранда өткөрүлгөн Түштүк Кавказ аймактык кызматташтык платформасынын жыйынына катышканын маалымдады.

2054891
Фидан:«Түркия туруктуу тынчтык үчүн аймактык маселелердин диалог аркылуу чечилишин жактайт»
hakan fidan-tahran.jpg
hakan fidan-tahran1.jpg
hakan fidan-ibrahim reisi.jpg
Ararat Mirzoyan-Hakan Fidan.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркиянын туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн аймактык маселелердин диалог аркылуу чечилишин жактаганын баса белгиледи.

Тышкы иштер министрлиги X социалдык медиа эсебинен билдирүүсүндө Фидандын Ирандын борбор шаары Тегеранда өткөрүлгөн Түштүк Кавказ аймактык кызматташтык платформасынын жыйынына катышканын маалымдады.

Маалымат бөлүшүүдө аймакта туруктуу тынчтык жана ырааттуулукту орнотуу үчүн түзүлгөн платформанын тышкы иштер министрлери деңгээлиндеги жыйынына үй ээси Ирандан тышкары Азербайжан, Армения жана Орусиянын да катышканы белгиленди.

Фидан жолугушууда көңүл бурган маселелерге байланыштуу билдирүүдө төмөнкү сөздөр орун алды:

«Министрибиз жыйында: Түркия туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн аймактык маселелерди диалог аркылуу чечүүнү жактайт, бул түзүлүш эл аралык коомчулукка аймак өлкөлөрүнүн өз көйгөйлөрүн өз алдынча чече аларын көрсөтүү жагынан да маанилүү, аймакта кызматташтык жана достукка болгон тоскоолдуктардын жоюлушу кубандырарын, аймактык тынчтык жана ырааттуулукка карай жолдун Азербайжан менен Армениянын ортосунда кол коюла турган кеңири масштабдуу тынчтык келишиминен өтөөрүн, аймактык транспорттук байланыштардын ачылышынын нормалдашуу жана тынчтык процесстерин ылдамдата турганын баса белгиледи».

Тышкы иштер министри Фидан, Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян катышкан жыйындан кийин биргелешкен декларация жарыяланды.

Декларацияга ылайык, жолугушуулардын жүрүшүндө аймактагы ишеним жана кызматташтык чөйрөсүн кеңейтүү жана бекемдөө максатында «3+3» аймактык механизминин кезектеги жыйындарын улантууга баа берилди.

Кийинки «Түштүк Кавказда туруктуу тынчтык жана ырааттуулукту орнотуу үчүн аймактык кызматташтык платформасы» жыйынын Түркияда өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Декларацияда талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүгө, саясий көз карандысыздыкка, аймактык бүтүндүккө, белгиленген чек аралардын кол тийбестигине, коркутууларга же күч колдонууга жол бербөөгө, адам укуктарын сактоого басым жасалды.

Экономикалык кызматташтыктын өз ара ишенимди чыңдоодогу, элдердин гүлдөп-өнүгүшүн жана региондун стабилдүүлүгүн бекемдөөдөгү позитивдүү ролу баса белгиленген декларацияда, маданий кызматташтыктын жана билим берүү, илим, туризм, маданият, спорт жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Декларацияда аймактагы туруктуу тынчтыкты жана экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу максатында эки тараптуу жана көп тараптуу консультацияларды жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү чечими кабыл алынганы айтылды.

Фидан Тегерандагы жолугушууларынын алкагында Ирандын президенти Ибрахим Реиси тарабынан кабыл алынып, Армениянын тышкы иштер министри Мирзоян жана Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов менен өз-өзүнчө жолугушту.



Тектеш кабарлар