Түркиядан Газага дары-дармек ташыган учак Каирге жетти

Анкарадан жолго чыккан Президенттикке караштуу учак кечээ түштө Каирге конду.

2054331
Түркиядан Газага дары-дармек ташыган учак Каирге жетти
msb gazze.jpg

Түркиядан Газага дары-дармек жана медициналык буюмдарды ташыган, ичинде 20 адис дарыгер да болгон Президенттикке караштуу учак Египеттин борбор шаары Каирге жетти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, дары-дармек жана медициналык буюмдарды ташыган, 20 адис дарыгер менен бирге борбор шаар Анкарадан жолго чыккан Президенттикке караштуу учак кечээ түштө Каирге конду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилерин да камтыган 20 адис дарыгер Египеттин Саламаттыкты сактоо министрлигинде министрдин орун басары жана башка жетекчилер менен жолугушуп, Газага саламаттык сактоо жардамын талкуулашты.

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа кечээ социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Учагыбыз Газага жардам берүү үчүн учуп кетти. Президенттигибизге караштуу тиешелүү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен толтурулган, 20 адис дарыгерди ташыган учак Анкарадан Египетке учуп кетти»,-деп кабалаган.

Бир тараптан Улуттук Коргоо министрлигинин социалдык медиа баракчасындагы билдирүүдө: «Өлкөбүздүн жардамдарын Газага жеткирүүнү улантып жатабыз. Президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен даярдалган жана негизинен медициналык буюмдарды камтыган жардам пакеттерин Аба күчтөрүбүзгө таандык учактарга жүктөй баштадык. Учактарыбыз даяр болору менен Египетке жөнөп кетишет. Жардамдардын аймакка жеткирилиши үчүн жалпысынан төрт ирет учуу пландаштырылды»,-деп айтылды.



Тектеш кабарлар