Министр Кожа: "Түркия Газада саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүгө даяр"

Кожа социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, эл аралык саламаттыкты сактоо уюмдары менен сүйлөшүүлөрдүн уланганын айтты.

2052416
Министр Кожа: "Түркия Газада саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүгө даяр"

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа, Түркиянын аймакка оорукана кемелерин жөнөтүүгө жана Газада же Рефах чек ара бекетине жакын жерлерде көчмө ооруканаларды курууга даяр экенин билдирди.

Кожа социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, министрликтин Газага саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүү үчүн аракет кылып жатканын, ушул алкакта эл аралык саламаттыкты сактоо уюмдары менен сүйлөшүүлөрдүн уланганын айтты.

Газадагы аль-Ахли баптист ооруканасына жасалган адамгерчиликсиз кол салуудан кийин Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУнун) жогорку жетекчилери баш болгон көптөгөн эл аралык маектештери менен телефондук дипломатиясын жүргүзгөнүн белгилеген Кожа, сүйлөшүүлөрдө адамдын ден соолугуна кызмат кылган мекемелердин кол салууга дуушар болушунун кабыл алынбай тургандыгы айтылганын баса белгиледи.

Министр Кожа: «Түркия катары аймакка оорукана кемелерин жөнөтүүгө жана Газада же Рефах чек ара бекетине жакын жерлерде көчмө ооруканаларды курууга, алар аркылуу палестиналык боордошторубузга саламаттык сактоо кызматтарын көрсөтүүгө жана бул кызматты улантууга даярбыз»,-деди.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык директору Ханс Клуге менен сүйлөшүүсүндө, саламаттыкты сактоо тармагында аймакка колдоо көрсөтүүнүн шашылыш жана маанилүү экенин айткан Кожа: «Эгерде бул иш-аракеттерди жүргүзүүнү чечсе ДССУ менен бирге иштешүүгө даярбыз. Өткөргөн сүйлөшүүлөрүмдө да Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун бул мааниде тарыхый жоопкерчилиги бар экенин баса белгиледим»,- деди.

Кожа ар кандай дипломатиялык кыйынчылыктарга карабастан Түркиянын ымыркайлардын, балдардын, кары-картаңдардын жана бейкүнөө адамдардын жанында болушун ар дайым уланта турганын билдирди.



Тектеш кабарлар