Министр Фидан Ливан жана Сауд Арабияга барат

Түркия Израилдин Палестинадагы зомбулуктарын токтотуу үчүн дипломатиялык иштерин улантууда.

2051954
Министр Фидан Ливан жана Сауд Арабияга барат

Түркия Израилдин Палестинадагы зомбулуктарын токтотуу үчүн дипломатиялык иштерин улантууда.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан бүгүн Ливанга, андан кийин Сауд Арабияга барат.

Министр Фидан алгач ливандык кесиптеши Абдалла Бухабибдин чакыруусу менен Ливанга барат.

Сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу карым - катнаштар менен аймактык жана глобалдык окуялардын талкууланышы күтүлүүдө.

Тышкы иштер министри Фидандын экинчи аялдамасы Сауд Арабиянын Жидда шаары болот.

Министр Фидан Ислам Кызматташтык Уюмунун Ачык катышуу боюнча аткаруу комитетинин жыйынына катышат.

Жыйында Израилдин Газадагы бардык палестиналык калкты бутага алган башаламан кыймылдарына каршы Ислам Кызматташтык Уюму таштай ала турган конкреттүү кадамдар каралып, уюмга мүчө өлкөлөрдүн орток позициясын аныктоого басым жасалат.

Хакан Фидан мындан мурда да Израилдин Палестинадагы зомбулуктарын токтотуу үчүн  Египетке барган.



Тектеш кабарлар