Президент Эрдогандын телефондук сүйлөшүүлөрү

Эрдоган лидерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

2048578
Президент Эрдогандын телефондук  сүйлөшүүлөрү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Палестина, Израиль, Ливан, Катар жана Египеттин лидерлери менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эрдогандын Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен өткөргөн сүйлөшүүсүндө Израиль жана Палестинадагы кырдаал, ошондой эле аймактагы чыңалууга байланыштуу акыркы абал талкууланды.

Эрдоган Түркиянын аймактагы кагылышууларды тез арада токтотуу жана тынчтыкты камсыз кылуу үчүн бардык аракетин көрүп жатканын белгиледи.

Президент Эрдоган Ливандын премьер-министри Нежип Микати менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Эрдоган сүйлөшүүдө Израиль менен Палестинанын ортосундагы кагылышууларды токтотуу үчүн Түркиянын аракетин уланта турганын билдирди.

Президент Эрдоган Израилдин президенти Ицхак Герцог менен да телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүдө Израиль жана Палестинадагы окуялар, аймактагы чыңалууга байланыштуу акыркы абалдар каралды.

Газа калкынын жалпысына зыян келтире турган кадамдын аймактагы азаптарды жана зомбулуктун чырмоогун дагы да арттыра турганын баса белгилеген Эрдоган, акыл-эстүүлүк менен кыйымыл кылынышы керектигин жана аймакта тез арада бейпилдиктин орношунун бүткүл аймактын жыргалчылыгы үчүн чоң мааниге ээ экенин айтты.

Эрдоган аймактагы тынчсыздандыруучу кагылышууларды токтотуу жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу үчүн Түркиянын аракеттеринин улана турганын маалымдады.

Эрдогандын Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Аль Тани менен өткөргөн телефон сүйлөшүүсүндө да, Израиль-Палестина тирешүүсүнө байланыштуу аймакта күчөгөн кагылышуулар талкууланып, пикир алмашылды.

Эрдогандын Египеттин президенти Абдель Фаттах аль-Сиси менен телефондук сүйлөшүүсүндө болсо Израиль-Палестина кагылышуусуна байланыштуу акыркы абалдар каралып, чыңалууну токтотуу үчүн эмнелер жасала аларына баа берилди.

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге "Акса топону" деп аталган кеңири чабуул баштаганын жарыялаган. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылып, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирип барышкан.

Израиль армиясы да согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең жүздөгөн  курмандыктар бар.



Тектеш кабарлар