Эрдоган Израиль менен Хамасты сабырдуулукка чакырды

Эрдоган, борбор шаар Анкарада партиясынын 4 - кезексиз конгрессинде сүйлөгөн  сөзүндө Иззеддин Кассам бригадаларынын "Акса топону"  операциясына жана буга каршы Израилдин согуш жарыялоосуна токтолду.

2047600
Эрдоган Израиль менен Хамасты сабырдуулукка чакырды

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израиль менен Хамастын ортосундагы  чыңалуу тууралуу бардык тараптарды сабырдуулукка чакырды. 

Президент,  Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган, борбор шаар Анкарада партиясынын 4 - кезексиз конгрессинде сүйлөгөн  сөзүндө Хамастын куралдуу канаты Иззеддин Кассам бригадаларынын бүгүн эрте менен  блокададагы  Газа тилкесинен  Израилге карата баштаган "Акса топону"  операциясына жана буга каршы Израилдин согуш жарыялоосуна токтолду. 

Эрдоган : "Бүгүн эрте менен Израилде болгон окуяларда бардык тараптарды сабырдуулук менен кыймыл кылууга, чыңалууну дагы да күчөтө турган кадамдардан алыс болууга чакырабыз",- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар