АКШ армян провокациясын иликтеп жатканын жарыялады

Юнус Эмре институтунун (YEE) жетекчилигинде кечээ Лос-Анжелесте өткөрүлгөн «Түрк тышкы саясатында коомдук дипломатиянын ролу» аттуу конференцияга армян тобу кол салды.

2044536
АКШ армян провокациясын иликтеп жатканын жарыялады

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти Лос-Анжелесте өткөрүлгөн Түркия конференциясына армян провокациясын иликтеп жатканын жарыялады.

Юнус Эмре институтунун (YEE) жетекчилигинде кечээ Лос-Анжелесте өткөрүлгөн «Түрк тышкы саясатында коомдук дипломатиянын ролу» аттуу конференцияга армян тобу кол салды.

Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (TRT) кабар каналы TRT Haber, АКШнын Мамлекеттик департаментине өткөндө шейит болгон түрк дипломаттарын эске салып, окуяны кандай баалаганын сурады.

ТРТ Хабер каналына жөнөтүлгөн жазуу түрүндөгү жоопто АКШнын Мамлекеттик департаментинин бул маселени иликтөө үчүн Лос-Анжелес полиция департаменти менен биргелешип иш алып баргандыгы белгиленди.

Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө, «Биз Түштүк Калифорния университети уюштурган иш-чарада түрк элчисинин катышуусундагы окуя тууралуу кабардарбыз. Дипломаттардын коопсуздугуна бекем чечкиндүү экенибизди кайталайбыз жана дипломатияны жүргүзүп жаткандардын коопсуздугун коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү улантабыз»,деген сөздөр камтылган.

Лос-Анжелесте өткөрүлгөн «Түрк тышкы саясатында коомдук дипломатиянын ролу» аттуу конференцияга армян тобу кол салды.

Түркия, Азербайжан жана Америка жетекчилери катышкан иш-чара эң башында эле армян чагымчысы тарабынан үзгүлтүккө учуратылды.

Түрк жана азербайжан жетекчилерине акаарат келтирген чагымчы залдан чыгарылды.

Түркиянын Вашингтондогу элчиси Мурат Мержан трибунага чыкканда башка бир топ провокацияларды баштады.

Армян чагымчысы Азербайжандын Лос-Анжелестеги башкы консулу Рамил Гурбановго да оозеки кол салды.

Коопсуздук кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен топ залдан чыгарылды. Бул жолу топ жыйындар залынын сыртында ызы-чуу салып, ичиндеги сүйлөшүүлөрдү болтурбоо аракетин көрүштү. Провокациялык чабуул конференция аяктагандан кийин да улантылды.

Имараттан чыккан Юнус Эмре институтунун (YEE) төрагасы Шереф Атеш, Түркиянын Лос-Анжелестеги диний кызматтар атташеси Исмаил Демирезен жана медиа башкаруучусу Санер Айар сырттагы демонстранттар тарабынан физикалык жана оозеки кол салууга дуушар болушту.



Тектеш кабарлар