"Фатих" бургулоочу кемеси Филйос - 1 кудугунда бургулоо ишин баштады

TПAO X социалдык медиа платформасында Кара деңиздеги жаңы бургулоо иштери тууралуу маалымат берди.

2044018
"Фатих" бургулоочу кемеси  Филйос  - 1  кудугунда бургулоо ишин баштады

Түрк мунайзат шериктештиги TПAO "Фатих" бургулоо кемесинин Кара деңиздеги жаңы жери Филйос - 1 кудугунда бургулоо иштерин баштаганын жарыялады.

TПAO X социалдык медиа платформасында Кара деңиздеги жаңы бургулоо иштери тууралуу маалымат берди.

Маалыматта TПAO геологиялык чалгындоо максаттарынын алкагында бургулоо иштерин үзгүлтүккө учуратпастан улантып жаткандыгы белгиленип : «Түркиянын сыймыгы болгон Фатих бургулоо кемеси Кара деңиздеги жаңы жери Филйос - 1 скважинасында бургулоо иштерин баштады»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар