Түркия Молдовага жаратылыш газын экспорттойт

БОТАШ келишимдин алкагында 1-октябрдан баштап Молдовага күнүнө 2 миллион куб метр жаратылыш газын өткөрөт.

2043687
Түркия Молдовага жаратылыш газын экспорттойт

Түркиядан Молдовага күнүнө 2 миллион метр куб жаратылыш газынын экспорту боюнча эки өлкөнүн ортосунда келишим түзүлдү.

Түтүк жолдору менен мунай ташуу акционердик коомунун (БОТАШ) билдирүүсүндө, Энергия кылымы көз карашынын негизинде жаңы экспорт келишимдери үчүн көптөгөн өлкө жана фирмалар менен сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканы кабарланды.

БОТАШтын удаама-удаа кол койгон экспорттук келишимдеринен улам Европанын энергетикалык камсыздоо коопсуздугунун кепилдиги болууну улантып жатканына басым жасалган билдирүүдө: «БОТАШ инфраструктуралык инвестицияларынан, өнүккөн өткөрүү тутумунан, географиялык жайгашуусунан жана бул күчтүү инфраструктуранын артыкчылыктарынан пайдаланып, жаңы экспорттук келишимдерди түзүүнү улантууда. Өлкөбүздү жаратылыш газ соода борбору кылуу максатынын алкагында «Түркиянын жана Европанын энергиясы» деген ат менен жаратылыш газын экспорттогон өлкөлөрдүн тизмесине жаңы бир Европа өлкөсүн кошту. Ушул алкакта BOTAŞ аймакта жана өзгөчө Молдова энергетика рыногунда активдүү роль ойногон East Gas Energy Trading компаниясы менен жаратылыш газ экспорту келишимине кол койду»,-деп айтылды.

Билдирүүдө БОТАШтын төрагасы жана башкы директору Бурхан Өзжан менен East Gas Energy Trading компаниясынын башкы директору Николай Габорактын бүгүн өткөрүлгөн азем менен келишимге кол койгону белгиленип: «Ушул убакка чейин куур аркылуу Греция, Болгария, Венгрия жана Румынияга жаратылыш газ экспорту боюнча маанилүү келишимдерди түзгөн БОТАШ келишимдин алкагында 1-октябрдан баштап Молдовага күнүнө 2 миллион куб метр жаратылыш газын өткөрөт»,-деп маалымдалды.



Тектеш кабарлар