Түркия Косоводогу кол салууну айыптады

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы элчи Танжу Билгич темага байланыштуу билдирүү жасады.

2041587
Түркия Косоводогу кол салууну айыптады

Түркия Косовонун түндүгүндө көбүнчө сербдер жашаган Банжскада бир полиция кызматкеринин өлүмүнө алып келген кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы элчи Танжу Билгич темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Косовонун түндүгүндөгү Звечан муниципалитетинин Банжска айылында болгон жана косоволук бир полиция кызматкеринин өлүмүнө, көп сандаган полиция кызматкерлеринин жаракат алышына себеп болгон кол салууну айыптагандарын кабарлады.

Түркиянын Приштина элчилигинин бул кол салууну айыптаган билдирүү жасаганын белгилеген Танжу Билгич, жаралуулардын тез сакайып кетишин каалаганын айтты.

Билгич аймактагы чыңалуунун күчөшүнө жол бербөө үчүн бардык тараптардын сабырдуулук менен кыймыл кылуусу жана күч колдонуудан алыс болуунун зарыл экенин баса белгиледи.

Косоводо жана аймакта туруктуу тынчтык жана ырааттуулукту камсыз кылуунун жалгыз жолу диалог экенин айткан Билгич, Түркиянын диалог процессине колдоо көрсөтүүнү уланта турганын маалымдады.

Банжскада жолду тоскон куралчан сербдер кечээ эртең менен полицияга ок чыгарышынын натыйжасында бир полиция кызматкери набыт болгон.



Тектеш кабарлар