Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Министр Йерликая: «Акыркы террорист жок кылынганга чейин күрөшүбүздү чечкиндүүлүк менен улантабыз».

2038586
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Диярбакырда жикчил террордук уюм ПККга мүчө 4 террорист жок кылынды.

Ички иштер министри Али Йерликая социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Диярбакырдын Кулп районундагы токойлуу аянтта 4 террористтин аныкталганын айтты.

Йерликая, АТАК тик учарлары жана куралдуу учкучсуз учактар ​​менен коштолгон операцияда террористтердин таасирсиз кылынганын кабарлады.

Министр Йерликая: «Акыркы террорист жок кылынганга чейин күрөшүбүздү чечкиндүүлүк менен улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар