Түркия "куш тумоосунан толугу менен тазаланган аймак"

Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо  уюму (WOAH) Түркияны «куш тумоосунан толук тазаланган аймак» деп аныктады.

2032262
Түркия "куш тумоосунан толугу менен тазаланган аймак"

Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо  уюму (WOAH) Түркияны «куш тумоосунан толук тазаланган аймак» деп аныктады.

Айыл  чарба жана токой чарбачылыгы министрлигинен берилген маалыматка караганда Азык  - түлүк жна көзөмөлдөө боюнча дирекорторлугу тарабынан жүргүзүлгөн иштер менен Афьонкарахисар жана Денизлидеги оору жок кылынды.

Министрлик ооруну анализдөө жыйынтыгын Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмуна билдирди. Уюм изилдөөлөрдөн кийин Түркияны «тазаланган аймак» деп аныктады. 81 провинцияда куш тумоосу жок деген билдирүү  Дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын сактоо уюмунун расмий сайтында жарыяланды.

Түркия январь айында Афьонкарахисарда жана февраль айында Денизлиде куш тумоосунан улам "таза" статусунан ажыраган.

 

 



Тектеш кабарлар