Эрдоган Стефанчукту кабыл алды
Басма сөзгө жабык өткөн кабыл алууга Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш да катышты.
2140133
Президент Режеп Таййип Эрдоган Украина парламентинин төрагасы Руслан Стефанчукту кабыл алды.
Борбор шаар Анкарадагы Президенттик комплексте басма сөзгө жабык өткөн кабыл алууга Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш да катышты.
Кечээ тышкы иштер министри Хакан Фидан да Руслан Стефанчук жана аны коштогон делегация менен жолугушкан.
Нуман Куртулмуш да конок төраганы өз кеңсесинде тосуп алган.
Тектеш кабарлар
D-8ге мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Стамбулга чогулат
Тышкы иштер министри Хакан Фидандын жетекчилигиндеги жыйындын күн тартиби Газа болот.