Сиедра байыркы шаарында 1800 жылдык айкел табылды
Сиедра байыркы шаарында бир жума мурда табылган жеңиш кудайы Никенин айкелинин экинчиси да улантылган казуулардын натыйжасында ортого чыгарылды.
Антальянын Аланья районундагы Сиедра байыркы шаарында бир жумалык аралык менен 1800 жылдык Рим дооруна таандык Нике (жеңиш кудайы) кудайынын экинчи айкели табылды.
Байыркы шаардагы казуулар Маданият жана туризм министрлиги, Маданий мурастар жана музейлер башкы башкармалыгынын колдоосу менен Караманоглу Мехметбей университетинин археология бөлүмүнүн окутуучусу жана доцент доктор Эртуг Эргүрердин жетекчилигинде Сиедра байыркы шаар казуусу беш жылдан бери уланууда.
Сиедра байыркы шаарында бир жума мурда табылган жеңиш кудайы Никенин айкелинин экинчиси да улантылган казуулардын натыйжасында ортого чыгарылды.
Бир тараптан Казуу жана изилдөө бөлүмүнүн социалдык медиадан берген кабарында : «Аланья-Сиедра байыркы шаарында жүргүзгөн казууларыбызда бийиктиги 83 сантиметр болгон биздин замандын 2-кылымына таандык, дагы бир Нике айкели табылды»,- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдоган менен Казакстандын президенти телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө Түркия менен Казакстандын карым - катнаштары, аймактык жана глобалдык маселелер каралды.