Түркиянын аймактык сууларына сүрүлгөн мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Айвалыктын Жунда аралындагы Жээк коопсуздук командирлигине алынып келинген мигранттарга азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык каражаттар берилди.

2029677
Түркиянын аймактык сууларына сүрүлгөн мыйзамсыз мигранттар куткарылды

Балыкесирдин Айвалык жээктеринде мыйзамсыз жолдор менен Грециянын Мидилли аралына барууга аракет кылып жатканда грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына сүрүлгөн 19 мигрант Жээк коопсуздук күчтөрү тарабынан куткарылды.

Алынган маалыматка караганда, Түркия убактысы боюнча саат 08:30 чамасында Мидилли аралына жетүүгө аракет кылып жатканда Айвалык жээгинде токтотулган резина кайыктагы 19 мыйзамсыз мигрант Грециянын Жээк коопсуздук топтору тарабынан кайыктарынын жели чыгарылып кайра Түркиянын аймактык сууларына сүрүлдү.

Окуяны көргөн балыкчылар абалды Түркиянын Жээк коопсуздук күчтөрүнө кабарлашты.

Ошол замат чара көргөн Жээк коопсуздук кызматынын TCSG-905 катери үйлөмө кайыктагы 19 мигранттарды куткарды.

Айвалыктын Жунда аралындагы Жээк коопсуздук командирлигине алынып келинген мигранттарга азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык каражаттар берилди.



Тектеш кабарлар