Министр Хакан Фидандын Ирактагы жолугушуулары

Министр Фидан Иракка болгон 3 күндүк сапарынын акыркы күнүндө Эрбилде жолугушууларды өткөрүүдө.

2028795
Министр Хакан Фидандын Ирактагы жолугушуулары

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Ирактагы жолугушууларынын акыркы күнүндө Ирак күрт аймактык башкаруусунун төрагасы   Нечирван Барзани жана премьер-министри Месрур Барзани менен жолугушту.

Министр Фидан Иракка болгон 3 күндүк сапарынын акыркы күнүндө Эрбилде жолугушууларды өткөрүүдө.

Фидан Эрбилде  Нечирван Барзани менен жолугушту.

Тышкы иштер министри Фидан андан кийин Ирак күрт аймактык башкаруусунун премьер  - министри Месрур Барзани менен жолугушту. 

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс  - жыйында сөз сүйлөгөн Фидан террор менен күрөшүүдө кызматташууга басым жасады.

Министр Фидан : "Террордон кутулуу үчүн аткарыла турган дагы көп иш бар. Билесиздер, Түркияда бул маселени чоң өлчөмдө жөнгө салдык. Азыркы учурда Ирак жерлеринде ПКК террору өзүн жашырып жатат. Бул вирусту да Ирактан  бирдикте тазалайбыз",- деди. 

Ирак күрт аймактык башкаруусунун премьер  - министри Барзанин да : "Аймакта бардык террор менен  (ПКК)  күрөшүү үчүн (Түркия менен) кызматташуубуз уланат деп үмүттөнөм»,- деди. 

Фидан Күрдистан демократиялык партиясынын лидери  Месут Барзани менен да жолугушат.

Массалык маалымат каражаттарына толугу менен жабык өткөн жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштарды,  кызматташтыкты өнүктүрүү, экономикалык өнөктөштүктү алдыга жылдыруу жана терроризмге каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланууда.

Министр Фидан 22-24-август күндөрүндө болгон Ирак сапарынын биринчи күнүндө борбор шаар Багдадда Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хусейн менен жолугушту.

Фидан Ирактын президенти Абдуллатиф Решит жана Ирактын премьер-министри Мухаммед Шия эс-Судани тарабынан кабыл алынып, Ирак парламентинин спикери Мухаммед Халбуси, Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир, Ирак Түркмөн фронтунун лидерлери жана Ирактын түркмөн коомчулугунун лидерлери, Ирактын Эгемендүүлүк альянсынын лидери Хамис Ханчер, ФАТХ альянсынын лидери Хади Амири, Улуттук даанышмандык агымынын лидери Аммар ал-Хаким жана мурдагы премьер-министрлерден жана Мыйзам мамлекети коалициясынын лидери Нури ал-Малики менен жолугушуу өткөрдү. 



Тектеш кабарлар