Тышкы иштер министри Фидан Иракта пресс - жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Ирактын достук жана бир туугандыктын негизинде ПККны расмий түрдө террордук уюм катары таануусун күткөндөрүн айтты.

2028007
Тышкы иштер министри Фидан Иракта пресс  - жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Ирактын достук жана бир туугандыктын негизинде ПККны расмий түрдө террордук уюм катары таануусун күткөндөрүн айтты.

Министр Фидан Ирактын тышкы иштер министри Фуад Хүсейин менен Ирактын борбор шаары Багдатта тышкы иштер министрлигиндеги жолугушуусунан кийин өткөргөн биргелешкен пресс  - жыйында сөз сүйлөдү.

Ирактын тышкы иштер министри менен өткөргөн сүйлөшүүдө кеңири темаларды сүйлөшкөндөрүн белгилеген Фидан булардын эң негизгисинин террор менен күрөшүү экендигин айтты.

ПККнын Синжар, Махмур, Кандил жана Сүлеймание менен бирге бир нече Ирак айылын басып алгандыгына көңүлдөрдү бурган Фидан террордук уюмдун Сирия жана Ирактын ортосундагы чек араларды жокко чыгарып курган террор коридору менен бул эки аймакты бириктирүү аракетинде экендигин белгиледи.

Министр Фидан Түркиянын террор менен күрөшүүдө Ирак менен биргелешип иштөөгө даяр экенин баса белгилеп : "Ирактык боордошторубуздун чоң күчтөрдүн куралына айланган ПККга каршы күрөшүн бардык деңгээлде колдойбуз. Ошондой эле алардан (Ирак) достук жана бир туугандыктын негизинде ПККны расмий түрдө террордук уюм катары таануусун күтөбүз. Ирактын жеринин бүтүндүгүн жана саясий биримдигин көздөгөн, ирактык боордошторубуздун ырааттуулугун жана жыргалчылыгын көздөгөн ар кандай террордук уюмдар менен күрөшүүдө Ирак менен биргелешип иштөөгө даярбыз»,- деди.

 

        

 



Тектеш кабарлар