Президент Эрдоган Венгрияга учуп кетти

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы мааалымат берди.

2026763
Президент Эрдоган Венгрияга учуп кетти

Президент Режеп Таййип Эрдоган Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгрия мамлекетинин түзүлгөн күнүн белгилөө жана Венгриянын кожоюндугунда өтө турган Дүйнөлүк жеңил атлетика чемпионатынын иш-чараларына катышуу үчүн Стамбул Ататүрк аэропортунан Будапештке учуп кетти.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, сапардын алкагында венгриялык тарап менен боло турган жолугушууларда эки тараптуу карым-катнаштардын бардык аспектиде каралышы, ошондой эле аймактык жана глобалдык жагдайлар тууралуу пикир алмашылышы көздөлүүдө.

Мындан тышкары президент Эрдогандын майрам жана иш-чараларга катыша турган берки кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшү да күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар