Түркиядан Европага ПКК боюнча каршы чыгуу...

ПККнын жактоочулары Европа Адам укуктары сотунун алдында террор чүпүрөктөрүн ачып, Түркияга каршы ураандарды чакырышты.

2020118
Түркиядан Европага ПКК боюнча каршы чыгуу...

Франциянын Страсбург шаарындагы Европа Адам укуктары сотунун имаратына жикчил террордук уюм ПККга тиешеси бар адамдар кирди.

ПККнын жактоочулары Европа Адам укуктары сотунун алдында террор чүпүрөктөрүн ачып, Түркияга каршы ураандарды чакырышты.

Түркия бул окуяга катуу жооп кайтарды. Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө, «ПКК менен байланышы бар түзүмдөр акыркы мезгилде өзгөчө Европада күч колдонууга батынып, ар кандай эл аралык уюмдардын имараттарына күч менен кирип, террордук үгүт иштерин жүргүзүүдө»,делди.

Европа өлкөлөрүнө да каршы чыгылган билдирүүдө, «ПККнын айрыкча Европа өлкөлөрүндө сөз жана демонстрация эркиндигине жамынып алып, эркин түрдө иш-аракеттерин, анын ичинде үгүт иштерин жүргүзүүсүнө уруксат берүү уюмду мындай мыйзамсыз жана агрессивдүү аракеттерге шыктандырууда»,делди.

Түркиянын Европа Кеңешинин имаратынын алдындагы демонстрация жана кыймылдарга байланыштуу эскертүүлөрүн эске салган билдирүүдө: «ПКК террордук уюмунун Европадагы пропаганда, каржылоо жана жалдоо иштерин токтотуу чакырыгыбызды дагы бир жолу кайталайбыз»,-деп айтылды.

Адилет министри Йылмаз Тунч, социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө, террордук пропаганданын алдын ала албаганын чуулгандуу окуя катары баалады.

Тунч:«Эл аралык уюмдар, өзгөчө Европа Биримдиги тарабынан террордук уюм катары кабыл алынган ПККнын пропагандасына уруксат берүү мыйзамга туура келбейт»,- деди.



Тектеш кабарлар