Стамбулда Сребреница геноцидин эскерүү жарышы өткөрүлдү

Бакыркөй муниципалитети жана Түркиянын Босниядагы Санжак коому менен биргеликте уюштурулган үчүнчү жарышта Сребреницада геноцидге дуушар болгон 8 миң 372 киши эскерилди.

2008884
Стамбулда Сребреница геноцидин эскерүү жарышы өткөрүлдү
Uluslararası Srebrenitsa Bosnak Soykirimi Anma Kosusu1.jpg
Uluslararası Srebrenitsa Bosnak Soykirimi Anma Kosusu.jpg

Босния-Герцеговинанын чыгышындагы Сребреницада 1995-жылы болгон геноцидде каза болгондорду эскерүү үчүн уюштурулган Эл аралык Сребреница геноцидин эскерүү жарышы Стамбулда өткөрүлдү.

Бакыркөй муниципалитети жана Түркиянын Босниядагы Санжак коому менен биргеликте уюштурулган үчүнчү жарышта Сребреницада геноцидге дуушар болгон 8 миң 372 киши эскерилди.

Бакыркөй районунун акими Абдуллах Көклү басма сөзгө берген маалыматында Босния-Герцеговинанын Түркия үчүн маанисине көңүлдөрдү буруп: «Осмон империясынан бери уланып келе жаткан бир туугандыгыбыз эч качан бүтпөйт. Мындай окуя экинчи кайталанбоосу үчүн колубуздан келгендин баарын кылабыз»,-деп айтты.

Иш-чаранын катышуучу жактары бүт Балкан коомчулугу экенин белгилеген Бакыркөй муниципалитетинин вице-мэри Кавит Ганич: «Сребреницада босниялыктар гана өлтүрүлгөн жок, ал жерде адамзат да кырылды. Бул жарыштын максаты мындай геноциддердин алдын алуу. Биз адамзатка каршы кылмыштардын токтотулушун каалайбыз»,-деди.

Түркиянын Босниядагы Санжак коомунун төрагасы, профессор доктор Седат Зияде Сребреницадагы окуянын кыргын эле эмес геноцид экенин айтып: «Геноциддер унутулуп калганда кайталанат. Биздин бул жарышты уюштуруудагы максатыбыз болгон геноцидди элге унуттурбоо»,-деди.



Тектеш кабарлар