Түркия, Швеция жана Финляндия Брюсселде жыйналыш өткөрөт

НАТО саммитинин алдында бүгүн Брюсселде Түркия, Швеция жана Финляндиянын тышкы иштер министрлери жана чалгын кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда жогорку деңгээлдеги жыйын болот.

2007629
Түркия, Швеция жана Финляндия Брюсселде жыйналыш өткөрөт

 

Түркия, Швеция жана Финляндиянын тышкы иштер министрлери менен чалгын кызматтарынын жетекчилери бүгүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселде орчундуу жыйынга чогулат.

Швециянын НАТОго мүчөлүгү Литвада 11-12-июлда өтө турган Вильнюс саммитинин күн тартибиндеги алдыңкы маселелердин бири.

Саммиттин алдында бүгүн Брюсселде Түркия, Швеция жана Финляндиянын тышкы иштер министрлери жана чалгын кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда жогорку деңгээлдеги жыйын болот.

Жыйынга Түркиядан тышкы иштер министри Хакан Фидан, Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) төрагасы Ибрахим Калын жана президенттин башкы кеңешчиси Акиф Чагатай Кылыч катышат.

Бирок жолугушууга чейин Швеция Түркия күткөн кадамдарды жасай алган жок.

Стокгольм тарабынан террор менен күрөшүү мыйзамына киргизилген өзгөртүү 1-июндан тарта күчүнө кирсе да, Швеция Анкара сураган жикчил террордук уюм ПКК жана Фетуллахчы террор уюму (FETÖ) мүчөлөрүн экстрадиция кыла элек.

Анкара бул кадамдар жасалбаса, Швециянын НАТОго мүчөлүгүн бекитпей турганын ачык айтты.

2022-жылдын 24-февралында башталган Украина-Орусия согушунан кийин Швеция менен Финляндия НАТОго мүчө болуу үчүн арыз беришкен жана Финляндиянын мүчөлүк процесси апрель айында аяктаган.

 

 



Тектеш кабарлар