Чаглаянжерит жаңгагы Евробиримдиктин географиялык көрсөткүч макамын алды
Хайреттин Гүнгөр журналисттерге, Чаглаянжерит жаңгагынын шаарда ЕБнин географиялык көрсөткүч макамын алган биринчи продукт экенин айтты.
Кахраманмараштагы райондун атынан аталган Чаглаянжерит жаңгагы Европа Биримдигинен (ЕБ) географиялык көрсөткүч макамын алды.
Шаар мэри Хайреттин Гүнгөр журналисттерге, Чаглаянжерит жаңгагынын шаарда ЕБнин географиялык көрсөткүч макамын алган биринчи өнүм экенин айтты.
Жаңгактын кошумча наркын арттыруу аракетинин уланып жатканын белгилеген Гүнгөр: «2012-жылы Түркиянын Патент жана соода бренди мекемеси тарабынан катталып географиялык көрсөткүчүн алган жаңгагыбыз эми ЕБде да географиялык көрсөткүч макамына татыктуу деп табылды. 2020-жылы Евробиримдикке кайрылуубуз 3 жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ийгиликтүү аяктап ЕБнин расмий гезитинде жарыяланды жана Чаглаянжерит жаңгагыбыз Евробиримдиктин географиялык көрсөткүчүнө ээ болду. Буга абдан кубанычтабыз»,- деп айтты.
Чаглаянжерит жаңгагынын сапаты жана даамы жагынан башка аймактарда өндүрүлгөн жаңгактардан чоңдугу, ички актыгы, ичке кабыгы жана өзгөчө жыпар жыттуулугу жагынан айырмаланганын баса белгилеген Гүнгөр: «Биз алган ЕБ географиялык көрсөткүчү менен бирге Чаглаянжерит жаңгагыбыздын эл аралык таанымалдуулугу жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү жогорулайт, ички суроо-талап жана экспорт потенциалы күчтөнөт, ошондой эле аймактын экономикасына жана жумуштуулугуна да салым кошот»,-деди.
Тектеш кабарлар
Измир портуна эки круиздик кеме токтоду
Өзтүрк 2024-жылы түрк портторуна 2 миллиондон ашуун туристти күткөндөрүн билдирди.
Австриянын тышкы иштер министри Түркияга келет
Тышкы иштер министрлиги сапарга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.