Акар: «Бүгүнкү күндө биздин аскер-аба күчтөрүбүз дүйнөнүн алдыңкы аба күчтөрүнүн арасында»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Аба күчтөрү командирлигинин 112 жылдыгына байланыштуу билдирүү жарыялады.

1994191
Акар: «Бүгүнкү күндө биздин аскер-аба күчтөрүбүз дүйнөнүн алдыңкы аба күчтөрүнүн арасында»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Аба күчтөрү командирлигинин 112 жылдыгына байланыштуу билдирүү жарыялады.

Түрк улутунун асмандагы сыймыгы болгон Аба күчтөрүнүн 112 жылдыгын шыктануу жана толкундануу менен белгилешкендерин билдирген Акар: «Бүгүнкү күндө биздин Аскер-аба күчтөрүбүз терең тажрыйба, жогорку билимдүү, квалификациялуу персонал жана жогорку технология менен дүйнөнүн алдыңкы аба күчтөрүнүн арасында өз ордун ээледи»,-деп өз баасын берди.

Аба күчтөрүнүн асманды коргоодон терроризмге каршы эффективдүү күрөш жүргүзүүгө, табигый кырсыктарда жардам жана эвакуациялоо операцияларынан эл аралык тынчтык жана ырааттуулукту колдоого чейин көптөгөн тармакта милдеттерин ийгиликтүү аткарганын белгилеген Акар: «Бирок, биздин түпкү максатыбыз - дүйнөдөгү биринчи аскердик авиация уюмдарынын бири болгон Аба күчтөрүбүздү ата мекендик жана улуттук системалар менен, өзгөчө маанилүү технологиялар менен жабдуу»,- деди.

Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) социалдык медиа эсебинен түрк учкучтары тарабынан Аскердик аба күчтөрүнүн түзүлгөнүнүн жылдыгынан улам асманда көрсөткөн визуалдык шаан-шөкөттөн бөлүктөр менен видео бөлүшүлдү.

Бөлүшүүдө төмөнкү билдирүү камтылган:«Өлкөбүздүн жана улутубуздун тынчтыгы жана коопсуздугу үчүн күнү-түнү кызмат кылган, асыл улутубуздун асмандагы күчү болгон,Түрк аба күчтөрүнүн командачылыгынын 112 жылдыгын куттуктайбыз жана биздин аскер-аба күчтөрүбүздүн баатыр жана берилген курамына пайдалуу жана ийгиликтүү миссияларды каалайбыз».



Тектеш кабарлар