Эрдоган 14 - майда боло турган шайлоо тууралуу маалымат берди

Президент Ржеп Таййип Эрдоган өлкөнү 21 жыл мурункусуна  караганда эркин, тынч, экономикалык жактан күчтүү абалга алып келгендерин белгиледи.

1985941
Эрдоган  14 -  майда боло турган шайлоо тууралуу маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган өлкөнү 21 жыл мурункусуна  караганда эркин, тынч, экономикалык жактан күчтүү абалга алып келгендерин белгиледи. 

Эрдоган 14 -  майдагы шайлоо тууралуу Твиттерден "Азиз улутум" деп жарыялаган билдирүүсүндө жаштык жылдарынан бери саясаттын ичинде активдүү экендигин, элдин алдында экендигин белгиледи. 

40 жылдык саясий турмушунда дайыма дмократияны жана улуттук эркти жактагандыгын баса белгилеген Эрдоган : "(Бийлигибиз учурунда) 85 миллиондун баарына кучак ачтык, эч кимди бөлгөн жокпуз. Эч кимдин жашоо образына кийлигишкен жокпуз. Коомубуздун бардык катмарынын укук жана эркиндиктерин кеңейттик",- деди.

Терродук уюмга каршы ийгиликтүү күрөш жүргүзүшкөндөрүн баса белгилеген Эрдоган : "Өлкөбүздү 21 жыл мурункусуна  караганда эркин, тынч, күчтүү абалга алып келдик. 2002 - жылдан бери бир гана кызмат саясаты,  эмгек саясаты жана бир туугандык саясатын жүргүзүп жатабыз. Буюрса 14 -  майдан кийин да Түркия үчүн иштөөнү улантабыз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар