Судандагы түрк жарандарын эвакуациялоо процедуралары аяктады

Суданда армия менен Ыкчам колдоо күчүнүн ортосунда 15 -  апрелден бери болуп келе жаткан  кагылышуулардан улам түрк жарандарын өлкөдөн эвакуациялоо процедуралары аяктады.

1980260

Түркиянын Хартумдагы элчилигинин билдирүүсүндө : «Судандагы жарандарыбызды Эфиопия аркылуу өлкөбүзгө эвакуациялоо процедуралары аяктады»,-деп билдирилди.

Эфиопия аркылуу ушул убакка чейин 1600гө жакын жаран эвакуацияланды, кечээ Порт Суданга кеткен 200 кишини эвакуациялоо процесси уланууда.

Өзгөчө Хартум жакындарындагы аскердик базадан бүгүн 200 кишинин эвакуацияланары пландалууда.

Судандын борбор шаары Хартум жана башка шаарларда 15 -  апрель күнү эрте менен Судан армиясы менен жарым аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчүнүн арасында куралдуу кагылышуулар чыккан.

Армия менен Ыкчам колдоо күчүнүн арасында «Ыкчам колдоо күчүнүн толугу менен армияга кошулушун» күткөн аскердик коопсуздук реформасы тууралуу акыркы бир канча айдан бери келе жаткан келишпестик катуу кагылышууга айланды.

Тектеш кабарлар